Бишкектеги соода борборлорунун биринде жезден жасалган чынжырды алтын деп саткан сатуучулар кармалышты

Бишкек шаарында алдамчылык фактысына шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 2 жаран кайрылган. Анда 30 жаштагы Ш.Г. аттуу айым "Беш-Сары" соода борборунан 25 жаштагы белгисиз жарандар анын ишенимине кирүү менен сары жезден жасалган моюнга таккан чынжырды алтын деп сатып жиберишкенин айткан. Ушундай эле арыз менен 34 жаштагы С.Т. аттуу жаран кайрылган. Ал да ошол эле соода борборунан анын ишенимине кирген 2 сатуучу жезден жасалган чынжырды 25 200 сомго сатышканын айткан. Бул арыздардын негизинде кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 26 жаштагы М.Б. жана Чүй облусунун 36 жаштагы Т.А. аттуу тургундары кармалышты. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.   

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Akmosha
2015-01-28 12:58:49
Рас кылышыптыр кармашып,арам тамак аш болчу беле.
0
brend007
2015-01-28 15:23:18
алтын менен жездин айырмасын билбегендерге ким коюптур чынжыр такканды. уят
+1
uulay
2015-01-28 15:59:05
Азыр айырмалай албайсын.клеймо басып сата берет.Алар да озуно адам да.Озунду эр ойлосон озгону шер ойло.Жараткандан башканын баары адашат
0
al79mi
2015-01-28 16:11:46
жеп корбогон сон баардык эле адамдар биле бербейт да айырмасын...коркпой саткандарын карасан...
0
Aysuluuwa
2015-01-28 19:24:54
Эээ тобо кылдым
0
mikinookat
2015-01-29 12:23:28
кислотага салса гана билинет ко алтын жез экени,,,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан