Ошто Балдарды калыбына келтирүү борборунун аймагындагы жер тилкеси мыйзамсыз берилгени аныкталды

Ош шаарында Балдарды калыбына келтирүү борборунун аймагындагы жер тилкеси мыйзамсыз берилгени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылы Ош шаардык прокуратурасы тарабынан аталган борбордун аймагындагы жеке менчикке өтүп кеткен 75 жана 942 чарчы метр жер тилкесинин мыйзамдуулугу текшерүүгө алынган. Анын натыйжасында 2003-жылы Ош шаардык мэриясынын мурдагы жетекчилиги аталган жер тилкелерин сатуу боюнча мыйзамсыз токтом чыгарган. Бул боюнча Ош шаардык прокуратурасы Ош облустук райондор аралык сотуна токтомду жокко чыгаруу боюнча доо арыз жолдогон. Ал эми сот прокуратуранын арызын канааттандырган. Учурда жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу боюнча иштер жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан