Борбордо жөө жүрүүчүнү сүзүп, качып кеткен коомдук унаанын айдоочусу изделүүдө

Борбор калаада жөө адамды сүзүп, качып кеткен коомдук унаанын айдоочусу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя 27-январда саат 19:30дар чамасында Ауэзов көчөсүндө болгон. Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү №152-коомдук унаанын айдоочусу жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качууга аракеттенген. Бирок чогулган эл аны кетирбей кармап калганы менен, милиция келгиче ал окуянын күбөлөрүнүн бирине паспортун калтырып, унаасын айдап кетип калган. Жабырлануучу жаракат алып, ооруканалардын бирине жеткирилген. Учурда айдоочуну издөө иштери улантылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uzismail
2015-01-28 21:16:28
Кутулушу кутулупсун кийинчи туткурбайсынбы кызык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан