Бишкекте бир нече жолу унаа уурдоого шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында бир нече жолу унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 37 жаштагы В.Руслан аттуу жаран кайрылган. Анда ал 25-январдан 26-январга караган түнү белгисиз жарандар ага күч колдонуу менен 8 миң долларлык Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаасын тартып алып, айдап кетишкенин айткан. 

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында уурдалган унаа Гагарин көчөсүнөн токтотулуп, аны К.Евгений аттуу жаран башкарып баратканы аныкталган. 

Кылмышка шектүү жаран Октябрь РИИБине алынып келип, кийин ал буга чейин унаа уурдоо боюнча 4 жолу сот жобуна тартылгандыгы белгилүү болгон. Азыркы тапта 22 жаштагы К.Евгений камакка алынып, бул иш боюнча иликтөө улантылууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан