Орусиянын Кашин шаардык соту "бойго жете элек кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган" деп кыргызстандык жаранды күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, жаран Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "12 жашка жеткен, бирок 14 жашка жете элек адамга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо" беренеси боюнча айыпталган. "Ал Кашин шаарындагы Кашинка дарыясынын жээгинде бойго жете элек кызга карата зомбулук көрсөтпөй аталган аракеттерин жасаганын сот аныктаган. Соттолуучу жаран ушул кылмышы үчүн 1 жыл 6 ай эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн. Бул соттук өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек, тараптар даттанууга укуктуу",- деп жазышты басылмалар.