Ош. Облус башчы 2014-жылы ийгилик жараткан спортчуларды жана машыктыруучуларды сыйлады

Бүгүн, 28-январда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков 2014-жылы республикалык жана эл аралык деңгээлдеги спорттук мелдештерде байгелүү орунду камсыз кылган спортчулар жана машыктыруучулар менен жолугушуп, өкүлчүлүктүн атынан баалуу белектерди тапшырды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы маалымдады.

“Сиздер республикалык жана эл аралык мелдештерге катышып, облусубуздун атын чыгарып, өлкөбүздүн туусун желбиретип келе жатасыздар. Бул иш-аракет жалпы жаштарды жана элибизди сергек жашоого үндөөдө да таасирдүү болот”,- деди Сооронбай Жээнбеков жолугушуунун жүрүшүндө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан