Түштүк Корея менен Кыргызстандын өкүлдөрү футбол жаатында кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү

Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов кечээ, 28-январда Бишкекте Түштүк Кореянын Футбол ассоциациясынын башчысы Чун Мон Гу менен жолукту. Федерациядан кабарлашкандай, Семетей Султанов кесиптешин алгач Түштүк Кореянын Азия чемпиондугунун финалына чыкканы үчүн куттуктап өттү. 

"Мен Чун Мон Гунун Кыргызстанга келгенине ыраазымын. Бул жолугушууда биздин түрдүү курактагы курама командаларыбыз арасында жолдоштук беттеш өткөрүү тууралуу, ушул жылы жай айларында футбол фестивалын Кыргызстанда өткөрүү тууралуу маселелерди талкууладык. Ошондой эле кыргызстандык машыктыруучулардын Түштүк Кореядан сабак алып, квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү боюнча суроолор каралды",- деп белгилеген Семетей Султанов.

Жыйынтыгында Чун Мон Гу Түштүк Кореянын Футбол ассоциациясы кызматташууга даяр экенин жана кыргызстандык кесиптештерине көмөк көрсөтөрүн белгилеп өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан