Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы көмүскө сойкукана катары иштетилген спорттук-көңүл ачуучу жай ижарага берилип келгенин бүгүн, 29-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 27-январда сойкукананы аныктоо максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында аталган жайдын аймагында 2 сауна жана мейманкана бар экени билинип, жыныстык кызмат көрсөткөн 7 кыз кармалган. Алар өз кызматы үчүн саатына 3000-4000 сом алганы айтылган.
"Мыйзамдуулукту бузуу, ижарага алынган имаратта жыныстык кызмат көрсөтүүгө көмүскө жайды уюштуруу жана кармоо боюнча ижарачы жоопкерчиликке тартылат",- деп билдирди басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, 27-январда борбор калаадагы Чыгыш-5 кичи районунда спорттук-көңүл ачуучу жайлардын бирине текшерүү жүргүзүлүп, анда көмүскө сойкукананын иштеп жаткандыгы
аныкталган. Жогорку Кеңештин депутаты
Турсунтай Салимов бул жай
анын менчиги экенин ырастаган, бирок аны ижарага берип койгондугун баса белгилеген.