Ошто чек арачылар тарабынан 28-январь күнү чек ара режимин бузгандыгы үчүн Кытайдын жараны кармалды. Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы текшерүү учурунда анын өздүгүн аныктаган документтери болгон эмес. Тийиштүү материалдар чогултулуп, кармалган жаран Сары-Таш аймактык милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коом менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.