Кыргызстан Интерполго 150 миң евро карыз. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатыбалдиев билдирди.
“Ички иштер министрлигинин Интерполго болгон карызы 150 миң еврону түзүүдө. Себеби Интерполго жыл сайын 5-6 миң евро мүчөлүк акы (взнос) төлөп турушубуз керек. Бирок 15-20 жыл аралыгында бул сумма төлөнгөн эмес”,- деди Калыбек Сатыбалдиев.