Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 28-январда Бишкек-Торугарт унаа жолунун 63-чакырымында болгон. Ауди үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан 50 жаштагы айдоочу рулду башкара албай Чүй дарыясына түшүп кеткен. Натыйжада оор жаракаттарды алган айдоочу каза болуп калган. Учурда жол кырсыгынын себебин аныктоо үчүн техникалык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.