Теннис боюнча Австралиянын Ачык чемпиондугунун финалында Мария Шарапова менен Серена Уильямс кез келет

Теннис боюнча Чоң шлем түркүмүнө кирген 4 мелдештин бири - Австралиянын Ачык чемпиондугу жыйынтыкталуу алдында турат. Кыз-келиндер арасында чемпиондукту орусиялык Мария Шарапова менен америкалык Серена Уильямс талашмай болушту. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, финал 31-январда орун алат.

Маалыматка ылайык, жарым финалда 33 жаштагы америкалык теннисчи айым 19 жаштагы мекендеши Мэдисон Кисти утуп алды (7:6 (7:5), 6:2). М.Шарапова болсо жарым финалда орусиялык Екатерина Макарованы утту.

Кошумчалай кетсек, мелдештин кыз-келиндер арасында өткөрүлүп жаткан бөлүгүнүн байге фонду 15 миллион долларды түзөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bossmos7
2015-01-29 15:35:03
Мурундары дайым уттулуп журчу эле! Бул оюнда Мариянын женишин каалаймын!Алга ! Мария!
0
zarbaliktik
2015-01-29 17:45:50
Марияга жан тартабыз. Бирок Серенанын адамдык сапаты ото жогору, Жонокой, боорукер дешет.
0
Ariet7
2015-01-30 04:37:49
экоо тен сонун ойношот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан