Бишкекте инкассатор унаасына кол салып, 1 миллион 770 миң долларды алып кеткендердин аты-жөнү такталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кол салгандар Кыргызстан менен Казакстандын жарандарынан турган эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон. Алар окуя болгондон кийин өлкөдөн чыгып кетишкен. Учурда эл аралык издөө жарыяланды.
Айта кетсек, 2014-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарынын Панфилов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинде инкассатор унаасына куралдуу кол салуу болуп, күзөт агенттигинин директору каза болгон. Ошондой эле унаадагы ири суммадагы акча каражаты каракталган. Ал акча “Дордой” базарында ишкердик менен алектенгендерге тиешелүү болгон.