Бишкек шаарында каракчылыкка шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 25 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал 26-январь күнү белгисиз жарандар күч колдонуу менен унаасын тартып алышканын айткан. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) негизинде иш козголуп, шектүү катары 25 жаштагы И.Э. жана 22 жаштагы Б.Б. аттуу жарандар кармалышты. Учурда алар камакка алынып, бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.