Бишкекте бөтөлкөнүн көлөмүнө дал келбеген акциздик маркалар чапталган 5304 бөтөлкө арак алынды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардагы контрафакттык алкоголдук продукцияларды сатуу фактыларын аныктоо жана токтотуу боюнча салыктык көзөмөлдөө рейди өткөрүлгөн. Рейддин жүрүшүндө "Моранди" ЖЧКсынын кампасынан бөтөлкөнүн көлөмүнө дал келбеген акциздик маркалар чапталган "КыргызАлкоТрейд" ЖЧКсына таандык болгон алкоголдук продукция табылган. Салыктарды толук көлөмдө төлөбөө максатында 0,25-0,38 литрге чапталуучу акциздик маркалар 0,5 литрге чапталган.
Учурда материалдар чогултулуп, тиешелүү чара көрүү үчүн ишкананын катталган орду боюнча салык органына өткөрүлүп берилди.