Бишкек шаарында бир нече тоноочулук фактысына шектелген 2 селсаяк кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Бишкек ШИИББинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Ж.Н. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 19-январда Тоголок Молдо-Ташкент көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндөрдүн биринен белгисиз жарандар 30 миң сомун уурдап кетишкенин айткан. Ошондой эле дүкөндөрүнөн акчаларын жана буюмдарын жоготкон 3 жаран да арыз менен кайрылган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында бул кылмышка шектүү катары 2 селсаяк кармалды. Учурда алар камакка алынып, иликтөө иштери улантылууда.