Жакында бокс боюнча Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларынын алкагында кыргызстандык мушкер
Азат Усеналиев алгачкы жеңишине жетишти. Ал 52 килограмм салмакта "Украинские атаманы" клубунун желеги астында чыгып, британиялык
Эндрю Селбини утуп алды. Азат Усеналиев
SUPER.KG порталына дүйнөлүк рейтингде 2-орунду ээлеп турган Селби менен беттеш оңой болбогонун жана беттештен рахат алганын айтып берди.
"Селби менен болгон беттешти көп убакыттан бери күтүп жүргөм. Себеби былтыркы сезондо орун алган беттеште өзүмдү жакшы көрсөтө албай калгам. Анда тактикалык жактан утулгам. Ошондон бери даярданып келген эмгегим текке кетпей, жакшы жыйынтык болду деп айта алам. Беттештин өзүнө токтолсок, өтө оор беттеш болду. Көбүрөөк тактикага көңүл бурганга туура келди. Бирок өзүмдү колго алып, коюлган тапшырманы аткардым",- деп кошумчалайт мушкер.