Борбор калаадагы 7-кичи райондон бүгүн эртең менен адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда маркумдун денеси табылган жерде милиция кызматкерлери жана аймактык тергөө тобу иш алып барууда. Алдын ала маалыматтарга ылайык, маркумдун денесинен жаракаттар табылган.