Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 31 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал жакын досу анын ишенимине кирүү менен 16 миң доллар алып, ошол бойдон изин жашырып, акчасын бербей жатканын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 25 жаштагы жаран кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, иликтөө иштери жүрүүдө.