Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо жаңы конушунда мас айдоочунун айынан 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 29-январда саат 21:00 чамасында Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаанын 43 жаштагы айдоочусу Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана 2 жүргүнчүсү жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.