Үстүбүздөгү жылдын 31-январынан 1-февралына чейин Таш-Дөбө айылында биатлон боюнча мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, мелдеш 31-январь күнү саат 11:00дө башталат. Иш-чаранын негизги максаты - жаш балдар менен өспүрүмдөрдү дене тарбия менен машыгууга, жигердүү эс алууга жана сергек жашоого чакыруу, ошондой эле өспүрүмдөрдүн спортко болгон кызыгуусун арттыруу, борбордук курама командасын түзүү, шаар тургундарынын арасында биатлонду кенен таанытуу. Ага 14-17 жаштагы спортчулар катышат. Мелдеш биатлондун бир нече түрү: спринт жана пасьют боюнча өтөт. Аталган мелдешти Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети өткөрүүдө.