Ливиянын Триполи шаарындагы "Corinthia" аталыштагы мейманканага террорчулардын куралдуу кол салуусунан кыргызстандык 3 жаран каза тапты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 30-январда SUPER.KG порталына Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинин учуулар боюнча коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Сталбек Шаршеев билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-январда аталган мейманканага террорчулар чабуул коюшкан. Мейманканада атышуу жана жардыруулар болгон. Анда "Манас" аба майданында негизделген "S.Group International" кыргыз компаниясында эмгектенип келген 28 жаштагы авиаинженер Замир Бекетаев жана Гүлзина Бешбакова, Галина Колосветова аттуу стюардессалар каза тапкан.
Белгилүү болгондой, "S.Group International" компаниясы өткөн жылы Airbus A320-200 учагын Триполи шаарындагы "Барак Эйр" ливиялык компаниясына лизингге берген экен.