Жалал-Абад облусунда “Электр станциялары” ишканасынын кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган ишкана тарабынан башка ишкананын карамагындагы имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 5 миллион 708 миң сом бөлүнгөн. Бирок имарат ишкана тарабынан кабыл алынган эмес. Буга карабай жумуштардын аткарылганы боюнча акт түзүлгөн. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.