Ички иштер министрлигинин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтордун 687 мүчөсү бар. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, каттоодо тургандардын арасында К.Көлбаевдин 501, А.Батукаевдин 56, М.Абакировдун 75 жана А.Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 55 мүчөсү да бар.
2014-жылы алардын 190у кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган.