6-февралда Бишкек шаарындагы дааратканалардын биринен энеси таштап кеткен ымыркай табылып, ооруканага жеткирилген болчу. Ал ымыркай дагы деле эсине келе элек. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Бишкектеги Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери билдиришти. Ал эми баласын таштап кеткен 1985-жылы туулган айым дагы ооруканада. Ал аял милиция кызматкерлерине “бала меники, эмне кылышты өзүм билем” деп айткан. Аял ооруканадан чыгарылгандан кийин ага карата кылмыш иши козголуп, СИЗОго камала тургандыгын айтышат укук коргоо кызматкерлери.