Бишкек шаарында "адам өлтүрүүгө аракеттенген" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Свердлов райондук милицияга белгисиз бир жарандын бычактан жараат алганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Иликтөө иштеринин алкагында Марс аттуу жаран 28 жаштагы Н.С. аттуу мас абалдагы таанышы менен урушуп, төшүнө бычак сайганы аныкталган. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышка шектүү жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.