Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдештин жарым финалчылары аныкталууда

Бүгүн, 30-январда Бишкекте бокс боюнча Д.Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдештин чейрек финалы өтүүдө. Уюштуруучулар белгилешкендей, быйыл мелдеш 38-ирет уюшулуп жатат жана ага 
Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Таиланд, Монголия жана Кыргызстан мамлекеттеринин 179 мушкери катышууда. 
"Мелдеште башкы максат жеңиш эмес, спортчуларыбыз тажрыйба алсын деген ниетти көздөөдөбүз. Калыстар да ишин ушул себептүү так аткарып жатышат. Мелдештин деңгээли боюнча айтсам, салмак категорияларындагы атаандаштыктар өтө жогору болууда. Атүгүл Монголиядан "Бээжин-2008" Олимпиадасында коло медаль тагынган мушкер келди",- деп билдирди Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан