Италиянын Рим шаарынан чыккан "Рома" футболдук клубунун капитаны Франческо Тотти өлкө президенттигине талапкерлигин койду. Кечээ, 30-январда болгон шайлоонун жүрүшүндө Тотти 5 добуш алды. Бирок бул добуштар тиешелүү органдар тарабынан жокко чыгарылган. Себеби, Италиянын мыйзамына ылайык, президенттин жашы 50дөн жогору болушу керек. Тотти болсо учурда 38 жашта. Добуш берүүгө өлкөнүн 58 аймагынын өкүлү болгон 315 сенатор жана 630 депутат катышууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Кошумчалай кетсек, Италиянын акыркы президенти, 89 жаштагы Жоржо Наполитано ден соолугуна байланыштуу бул кызматтан кетүү чечимин кабыл алган.