Ысык-Көл облусунда "38 жаштагы айымды өлтүргөн" деген шек менен 22 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 30-январда болжол менен 8:45те милицияга Ананьево айылында бир айымдын жансыз денеси табылганы боюнча маалымат түшкөн. Милиция айтылган жерге барганда жансыз дене канга боёлуп, жарым жылаңач абалда болгон. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, айымдын сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн. Маркум Ананьевонун 38 жаштагы тургуну Б.Гүлмира болуп чыккан. Айылдаштарынын айтымында, Б.Гүлмира психологиялык оорудан жабыркап келген.
Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында, кылмышка шектүү катары аталган айылдын 22 жаштагы тургуну Ч.Вячеслав кармалды. Тергөө иштеринин жрүшүндө ал күнөөсүн моюнуна алды. Учурда иликтөө иштери уланууда.