Кечээ, 30-январда Ош шаарында биринчи ирет бильярд спорту боюнча уландар арасында өлкө чемпиондугу старт алды. 1-февралда жыйынтыктала турган мелдеш Каныбек Сагынбаев, Кубанычбек Сагынбеков, Дастанбек Левшаков, Ызат Раатбеков сыяктуу чыгаан бильярдчылардын катышуусунда өтүүдө. Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, мелдештин жыйынтыгына карап 3 кий чебери 18-февралда Алматы шаарында старт ала турган Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышат.
Мелдештин ачылыш аземине КРнын Бильярд спорту боюнча федерациясынын президенти Турсунбай Бакир уулу, Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов, спортчулар жана күйөрмандар катышты. Турсунбай Бакир уулу Ошто мелдешти уюштурууда башкы максат жаш таланттарды табуу, Ошто бул спорт түрүн жайылтуу экенин белгиледи. Ал эми вице-мэр И.Эргешов бул мелдешти уюштуруу калкты сергек жашоого үндөөдө жакшы мисал болуп берерин белгиледи.