Бишкекте айдоочулар урушуп, бири экинчисин травматикалык тапанча менен колго жана бутка атып, качып кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 31-январда билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга 33 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал 30-январь күнү
Хонда Степвагон унаасы менен Абай көчөсүндө жүрүп, күтүүсүз жерден Додж-Дуранго унаасынын ээси менен урушуп кеткен. Арыз ээсинин айтымында, Додж-Дурангонун айдоочусу травматикалык тапанча менен аны колго жана бутка аткан.
Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 34 жаштагы шаар тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.