Ирак - Бириккен Араб Эмираттары - 2:3
Голдор: Валид Салем (28-мүнөттө), Амджад Калаф (42-мүнөттө) - Ахмед Халил (16-мүнөттө, 52-мүнөттө), Али Ахмед Мабхут (57-мүнөттө, пенальтиден).
Кечээ, 30-январда Австралияда өтүп жаткан футбол боюнча Азия чемпиондугунда 3-орун ээси аныкталды. Бул орун үчүн жарым финалда утулуп калган Ирак жана Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы кез келип, айыгышкан беттеш болду. Оюндун алгачкы 45 мүнөттүгүндө ирактыктар 2 гол киргизсе, Араб Эмираттарынын өкүлдөрү 1 гана гол киргизе алышты. Экинчи 45 мүнөттүктө Ирактын футболчулары катары менен 2 гол дарбазасына өткөрүп алышты. Андан соң алар эсепти теңей алышпай, байгелүү орундан кур калышты.