Футбол боюнча Австралия курама командасы Азия чемпиондугунун финалында Түштүк Корея курамасын утуп, мелдештин чемпиону аталды. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, оюн эсебин 45-мүнөттө Массимо Луонго ачып, үй ээлерин эсеп катыштыгында алдыга сууруп чыкты. Экинчи 45 мүнөттүктүн акыркы мүнөттөрүндө Сон Хён Мин эсепти теңеди. Муну менен командалар жеңүүчүнү кошумча 15 мүнөттүктөрдө аныктамай болушту. Австралияга жеңиш алып келген голду 105-мүнөттө Жeймс Троизи киргизди.
Кошумчалай кетсек, Австралия курама командасы 4 жылда бир өтүүчү Азия чемпиондугун өз тарыхында биринчи ирет утуп алды. Мелдешке бул курама 3-ирет катышып жатат.