Ысык-Көл облусунда уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, алар “2014-жылдын февраль айында Чолпон-Ата шаарында уурулук кылышкан” деп шектелип жатышат. Учурда 1989-жылы жана 1990-жылы туулган эки жарандын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.