Жалал-Абад облусунда жергиликтүү тургундун унаасын күч колдонуп тартып алган эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 37 жаштагы Ноокен районунун тургуну кайрылган. Анда ал 20-январь күнү белгисиз эки адам күч колдонуп, унаасын тартып алышканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 20 жаштагы М.Н. жана 30 жаштагы А.У. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.