Ысык-Көлдө унаасында 0,5 килограммдан ашуун баңгизат алып бараткан айдоочу кармалды

Ысык-Көл облусунда унаасында жарым килограммдан ашуун салмактагы баңгизатты алып бараткан айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Жол-кайгуул кызматы тарабынан Кутургу айылынын 29 жаштагы К.К. аттуу тургуну кармалган. Анын унаасынан баңгизат табылып, тиешелүү экспертизадан өткөргөндө ал жалпы салмагы 775 граммды түзгөн кара куурай экени аныкталган. Кармалган жаран Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.     
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан