Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын каржы-казыналык бөлүмүнүн инспекторуна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 13-январында аталган инспектор облустун Ички иштер башкармалыгынын алдында коомдук тартипти бузуп, А.Н. аттуу жаранга күч колдонгон. Буга жарандын унаасын Ички иштер башкармалыгынын жанына токтотуп койгону себеп болгон.
Учурда “кызмат абалынан аша чабуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.