Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн жетекчисине козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган бөлүмдүн жетекчиси М.М. Сузак районундагы №34-орто мектептин курулушун негизсиз кабыл алган. Себеби куруучу ишкана заказ берүүчү менен сүйлөшпөстөн, курулуштун долбоорун өзгөрткөн. Ошондой эле сметалык бааны 202 миң сомго жогорулаткан.
Бул боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, иш сотко жөнөтүлгөн.