"Сирияга барып келген жарандар жоопкерчиликке тартылышат. Былтыр Кыргызстандын аймагынан Сирияга 200дөн ашуун адам кетип, 22 адам каза тапкан". Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда КРнын Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмүнүн жетекчиси Рафик Мамбеталиев билдирди.
“Сирияга кеткендердин арасында 30 аял да бар. Азыркы тапта ал жактан кайтып келгендердин баары суракка алынып, күч органдары тарабынан катуу көзөмөлдө турат. Ошондой эле алар да жоопкерчиликке тартылышмакчы”,- деди Р.Мамбеталиев.