Кечээ, 1-февралда теннис боюнча Чоң шлем түркүмүнө кирген 4 мелдештин бири - Австралиянын Ачык биринчилиги жыйынтыкталды. Мырзалар арасында жекеликтин финалында британиялык Энди Маррей менен сербиялык Новак Жокович кездешти. 3 саат 39 мүнөткө созулган беттеште Новак утуп чыкты (7:6, 6:7, 6:3, 6:0). Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, сербиялык теннисчи ушуну менен Австралиянын Ачык биринчилигин жекеликте 5-ирет, жалпы Чоң шлем түркүмүндөгү мелдештерди 9-ирет утуп алды.
Мелдештин мырзалар арасындагы чемпиондук жарышы үчүн 14,4 миллион доллар бөлүнгөн. Жеңүүчү 3,1 миллион доллар алса, финалчы 1,55 миллионго ээ болду.