Бишкекте "5 жаштагы кызды зордуктаган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 34 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал үйүнө конокко келген Асыл аттуу чала тааныш адам анын 5 жаштагы кызын зордуктап, качып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 36 жаштагы А.Асылбек кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.