Футбол боюнча Африканын чемпиондугунда жарым финалчылар аныкталды

Экватордук Гвинеяда Африка элдеринин Кубогу, тактап айтканда, Африканын футбол боюнча биринчилиги өтүп жатат. Январдын акыркы күндөрү 30-ирет уюшулуп жаткан мелдештин жарым финалчылары аныкталды. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, жарым финалга Конго, Кот-д'Ивуар, Гана жана үй ээси Экватордук Гвинея чыкты.

Кошумчалай кетсек, мелдештин 16 катышуучусу 4 тайпага бөлүнүп оюн алып барышкан. Тайпада эң көп упай топтогон 8 команда чейрек финалга чыгып, кызуу оюндарды көрсөтүштү.

Чейрек финалдык оюндардын жыйынтыгы:

Конго Республикасы - Конго Демократиялык Республикасы – 2:4

Тунис – Экватордук Гвинея – 1:2

Гана - Гвинея – 3:0

Кот-д'Ивуар - Алжир – 3:1

4-5-февраль күндөрү жарым финалчылар төмөнкүдөй тартипте кез келишет:

4-февраль. Конго - Кот-д'Ивуар

5-февраль. Гана – Экватордук Гвинея

Жарым финалда утулган командалар 3-орунду 7-февралда талашышат. Ал эми финал 8-февралга туураланган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Beki035
2015-02-03 02:09:14
Гана менен Кот-д'Ивуар башкы талапкерлер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан