Жумгалда хоккей боюнча райондун Ачык биринчилиги болуп, Чаектин командасы жеңишке жетишти

Кечээ, 1-февралда Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында хоккей боюнча райондун Ачык биринчилиги жыйынтыкталды. 3-ирет уюшулуп жаткан мелдеште жеңишти Чаек айылынын “Жумгал-Шортон” командасы камсыздады. 

Уюштуруучулар кабарлашкандай, мелдешке Жумгал, Кочкор, Нарын райондорунан жана Чолпон-Ата шаарынан жалпы 7 команда катышты. Байге фонду 300 миң сомду түзгөн биринчиликтин финалында “Жумгал-Шортон” менен Миң-Куштун “Барчын” командасы кез келди. Оюндун негизги убактысы жана кошумча убакытта жеңүүчү аныкталбай, 4:4 эсебиндеги тең чыгуу катталды. Булитте 4:3 эсебинде чаектиктер утуп чыгышты. 

3-орунду болсо Нарындын “Дордой Ала-Тоо” командасы менен Кочкор районунун “Ормон-Хан” командасы өз ара талашып, нарындыктар 2:1 эсебинде жеңип алышты. 

1-орун. "Жумгал-Шортон" командасы (Чаек айылы, байгеси 50 миң сом)

2-орун. “Барчын” (Миң-Куш айылы, байгеси 30 миң сом)
3-орун. "Дордой Ала-Тоо” (Нарын, байгеси 20 миң сом) 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Мэри
2015-02-02 19:00:29
Азаматсыңар! Спорт - ден соолуктун булагы, андыктан сергек жашоого умтулуп, жакшы иш менен алектенгениңер алкоого арзыйт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан