Өкмөт жооп берет: Мураска ээлик кылууга биринчи кезекте ким укуктуу?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. 

Суроо: -  2014-жылдын жай мезгилинде жаран оорудан каза болгон. Артында аялы жана эки уулу калды. Улуусу 4 жашта, кичинеси 2 жашта. Аялы экөө өз учурунда никеге турган эмес болчу, нике күбөлүгү жок. Эми маркумдун үйү талашка түшүп жатат: энеси (маркумдун апасы) менен чоң небереси (маркумдун улуу баласы, 4 жашта) ат салышууда. Улуу баласы атасынын фамилиясын алган. Кичинекейи Орусияда төрөлгөндүктөн, апасынын фамилиясында. Мыйзамга таянып так маалымат берип коюуңарды суранам. 

Мамлекеттик нотариуска арыздар берилген. Нотариус биздин берген арызды жоготуп, кайрадан тапшырдык. Көз көрүнө махинация болду деген пикирдебиз. Суроо калтырган Rifle. 
Жооп: - Сиздин мурасты кабыл алуу жөнүндө кайрылууӊузду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги төмөндөгүдөй жооп берет:

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1142-беренесине ылайык, мурас калтыруучунун балдары (анын ичинде асыроого алынгандар), ошондой эле мурас калтыруучунун жубайы жана ата-энеси (асырап алуучулар) барабар үлүштөрдө, мыйзам боюнча, биринчи кезекте мурастоо укугун алышат. Биринчи кезектеги мураскорлордун ичине мураскордун ал өлгөндөн кийин төрөлгөн балдары да кирет.

Бирок арызда көрсөтүлгөндөй, мурас калтыруучунун жана жубайынын ортосундагы нике мыйзамда белгиленген тартипте катталбагандыктан, маркумдун жубайы мурастоо укугуна ээ болбойт.

Мурас калтыруучунун акыркы туруктуу жашаган орду мурасты ачуунун орду болуп саналат.

Ошондуктан мураскорлор кеӊири маалымат алыш үчүн мурастын ачылган орду боюнча мамлекеттик нотариуска кайрылуусу зарыл.

Эгерде мураскорлор арасында талаш-тартыш бар болсо, нотариус мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берүүдөн баш тартып, алардын өтүнүчү боюнча нотариалдык ишти жасоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарып бериши керек. Мураскорлор ал токтомдун негизинде сот органдарына кайрылуусу зарыл.

Белгилеп кетчү нерсе, мураскорлордун арызын жоготкон нотариустун аты-жөнүн Юстиция министрлигине кабарлап коюуӊуздарды суранабыз.

Суроого Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нотариат жана адвокатура

башкармалыгынын башчысы М.Сейдалиева жооп берди.  

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle
2015-02-03 14:08:34
50/50 болуп болунуп калды. Эми кайрадан арыз менен кайрылабыз, 3/2 болуп болунсун деп. 2 баласына , анан апасына деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан