Ошто өткөн бильярд боюнча өлкө биринчилигинде Дастан Лепшаков жеңүүчү аталды

30-январдан 1-февралга чейин Ош шаарында бильярд спортунун кураштырма пирамида түрү боюнча өлкө чемпиондугу өттү. Мырзалар арасындагы биринчиликтин финалында Дастан Лепшаков менен Келдибек Исмаилов кез келип, жыйынтыгында Дастан жеңишке жетишти. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдешке Каныбек Сагынбаев, Кубанычбек Сагынбеков, Ызатбек Раатбеков сыяктуу чыгаан кий чеберлери катышкан. Бул мелдештин жыйынтыгында байгелүү орун ээлери 18-февралда Казакстанда старт ала турган Дүйнө чемпиондугуна катышуу укугуна ээ болушту.

Кошумчалай кетсек, Дастан Лепшаков 2013-жылы Кыргызстандын чемпиондугун уткан. 2014-жылдын эсебинен ал 18 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан