Ош аэропортундагы карактоого шектелгендердин үйүнөн материалдык тастыктама иретинде 934 805 доллар жана 3260 евро акча каражаты алынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы Мирлан Каниметов билдирди.
“Кылмышка шектүү катары кармалган А.С.С. аттуу жарандын үйүн тинтүүгө алганда, ал жактан 3 ок атуучу курал табылган. Ошондой эле №843267969 сериялык номуруна ээ, 5,45 мм калибриндеги 29 огу бар Калашников автоматы, 5,45 мм калибриндеги 21 огу менен сериялык номуру өчүрүлгөн тапанча жана Макаров тапанчасы табылган. Шектүү А.С. аттуу жарандын айтымында, куралдарды ага тоноону уюштурган Р.А.М. аттуу жаран калтырган. Азыркы тапта ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 94-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Андан сырткары 30-январь күнү Бишкектен бул карактоого шектелген дагы 3 жаран кармалды. Учурда алар да камакка алынып, кылмышка шектүүлөрдүн калгандарын издөө иштери жүрүүдө”,- деди М.Каниметов.