Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-январь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 147-чакырымында жеңил унаа менен оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил унаанын 36 жаштагы жүргүнчүсү каза таап, 14 жаштагы жүргүнчү оор жараат алган.