Бишкекте тоноо фактысына шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 39 жаштагы Т.М. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал эки белгисиз адам бычак менен коркутуп, жанындагы акчасын тартып алышканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 22 жаштагы В.С. жана 21 жаштагы А.З. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.