Сириядагы согушка жарандарды тартуу менен алектенген адамдын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ал жаран Кара-Суу районунун 26 жаштагы А.Т. аттуу тургуну болгон. Ал көп убакыттан бери жакындарын жана тааныштарын Сириядагы согушка тартып келген. Учурда ал аталган өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышып жүрөт.