Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Борбордогу Лев Толстой көчөсүндөгү дүкөндөрдүн биринин жанынан Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын салону, жылытуучу меши, ылдамдыкты жөнгө салуучу бөлүгү толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон. Ошондой эле Кемин районуна караштуу Орловка шаарында иштебей калган ширеңке чыгаруучу фабрикадан 100 чарчы метр таштанды күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.